««« мурунку | кийинки »»»

Кыргызча анекдот/апенди: Диалект


Ош-Бишкек жолунда оштуктар менен таластыктар бир машинада баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде таластык айтып жатат: "Оштуктар жумуртканы 'тукум' дейсиңер, 'тукум' деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган", - деп, анан тиги оштук: "Тукум' деген сөз кыргыз тилинде бар", - десе тиги таластык: "жо-ок", - деп такыр баш бербей келатканда бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, оштук айтыптыр: "Тэ-э-этиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде "Манастын тукумдары" деп жазылып турат, ошону барып, "Манас Атабыздын жумурткалары" деп өзгөртүп кой...", - деген экен.

 

««« мурунку | кийинки »»»


Бул апендиге/окуяга баа бериңиз

эч күлбөдүм 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10  боорум эзилип калды

Баа бергендердин жалпы саны: 737        Орточо баа: 5.71

Ой пикириңизди калтырыңыз